• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

Коом 0

Бишкек, 29.04.20, /Кабар/. Кечээ, 28-апрель күнү саат 17:45те Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөнүн очогу Бужум айылынын түштүк жагында 3 чакырым алыстыкта, Кызыл-Жол айылынын түштүк-чыгыш тарабында 6 чакырым алыстыкта, Баткен шаарынын түштүк жагында 9 чакырым алыстыкта жана Базар-Башы айылынын түштүк-чыгыш тарабында 11 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жер титирөө Бужум айылында 4 балл, Кызыл-Жол, Базар-Башы айылдарында 4 баллга чейин, Кызыл-Бел, Чек, Кара-Бак, Жаңы-Жер, Боз-Адыр, Чоң-Талаа, Кара-Булак, Өтүкчү, Газ, Согмент, Достук, Көчө-Карын, Көк-Таш айылдарында 3 балл болуп сезилген.

Пикир

Оставить комментарий