• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүн, 16-мартта таңкы саат 05:54тө очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР УИА Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Эңилчек-Тоо тоо кыркаларында катталып, Таш-Короо айылынан батыш-чыгышты карай 25 чакырым, Эчкили-Таш айылынан түштүк-чыгышты карай 28 чакырым, Кең-Суу айылынан түштүк-батышты карай 30 чакырым жана Каракол шаарынан түштүк-чыгышты карай 99 чакырым алыстыкта катталган.

КРнын калктуу пункттарында жер титирөөнүн активдүүлүгү: Таш-Короо, Курган, Эчкили-Таш, Кең-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий