• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагындар жер титирөө катталгандыгын ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 19-октябрда саат 16:09та Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Өзгөн районунун Салам-Алик, Байбиче, Кара-Дөбө айылдарында 3 баллга жана Жерге-Тал айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий