• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда күчү 5,5 балл жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 16-май /Кабар/. Кыргызстанда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн 15:07 КР УИА Сейсмология институтунун сейсмостанциясы 5,5 баллдык жер титирөөнү каттаган. Силкинүүнүн очогу Талас жана Жалал-Абад облустары чектешкен тоо кыркасында жайгашкан.

Калктуу жерлерде жер титирөөнүн күчү Аркит айылында – 5 балл, Токтогул шаарында – 3,5 балл, Талас шаарында – 3 балл болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча жапа чеккендер жана курмандыктар жок.

Пикир

Оставить комментарий