• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунун сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 29-мартында саат 10:41де очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Масы, Үч-Булак, Чкалов, Кызыл-Октябрь айылдарында 4,5 баллга чейин сезилген. Ал эми Жалал-Абад жана Көк Жаңгак шаарларында жердин титирегени 3,5 баллга чейин жеткен.

Жер титирөөнүн борбору Кыргызстан аймагындагы Беш-Бадам айылынан батышты карай 4 чакырым, Кыргыз-Гава айылынан түштүк-батышты карай 4 чакырым, Кызыл-Октябрь айылынан түндүк-чыгышты карай 8 чакырым, Үч-Булак айылынан түштүктү карай 10 чакырым, Соку-Таш айылынан түндүк-батышты карай 14 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-батышты карай 25 чакырым, Көк-Жаңгак шаарынан түндүк-батышты карай 30 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түштүк-чыгышты карай 35 чакырым, Ош шаарынан түндүктү карай 67 чакырым аралыкта катталды.

Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор жана курмандыктар жок.

Пикир

Оставить комментарий