• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда күч органдарынын терроризмге каршы машыгуулары башталды

Коом 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын 25-сентябрында КМШга мүчө мамлекеттердин компоненттүү органдарынын «Ысык-Көл-2018» машыгууларынын алкагындагы экинчи этабы башталды. Бул тууралуу УКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, машыгуулардын жүрүшүндө «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан барымтага алынган учакты кондурууга мажбурлоо, терорристтердин иш аракеттерине бөгөт коюуу жана барымтага алынгандарды бошотуу боюнча терроризмге каршы операциясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин атайын күч бөлүмдөрү, куралдуу күчтөрдүн башкы штабы, ИИМ атайын бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзүлдү.

Республикалык ыкчам штаб түзүлүп, теракт кесепеттерин минималдаштыруу иш-аракеттери КР ӨКМ бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлдү.

КМШга мүчө мамлекеттердин компоненттүү органдарынын «Ысык-Көл-Антитеррор-2018» биргелешкен террорчулука каршы машыгуусу 2017-2019-жылдарга карата түзүлгөн терроризм жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрү менен күрөшүү боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташуу программасына ылайык үч этаптан өтмөкчү.

Биринчи этап (ушул жылдын 4-6-сентябрында) КМШ Террорчулукка каршы борбору (КМШ ТКБ) тарабынан координацияланып, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикистан жана Өзбекстан, коопсуздук орагандардын бөлүмдөрү менен биргеликте ЭТУ ячейкаларын ишмердүүлүгүн аныктоого макулдашылган иш-аракеттердин негизинде, курал-жарак, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, каналдарын аныктоо, террордук актыларга даярдыкты алдын алуу жана бөгөт коюу иш-аракеттери иштелип чыккан.

26-сентябрда жыйынтыктоочу үчүнчү этап болуп, «Эдельвейс» полигонунда Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу келген мыйзамсыз куралданган террористтерди жок кылуу боюнча аскер операциясы өткөрүлөт.

Бул машыгууларга КР Куралдуу күчтөрү, Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук аскер округу, Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн авиациялык тобу катышат.

КМШга мүчө мамлекеттердин компоненттүү органдарынын биргелешкен терроризмге каршы машыгуулары Кыргызстанда үчүнчү жолу өтүп жатат. Буга чейин 2001-жылы Ош шаарында, 2013-жылы Бишкек шаарында өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий