• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон чекене баа өсүүдө

Экономика 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын июль айына карата Кыргызстан боюнча АИ-92 бензинине болгон баалар орточо эсеп менен 53,32 сомду түзгөн.

Улуттук статистика комитетинен кабарлашкандай, 2020-жылдын июлуна салыштырмалуу орточо чекене баа 1,6 эсеге жогорулады, ал эми дизелдик отундун баасы литр үчүн 48,11 сомду түздү жана дээрлик 1,4 эсеге өстү.

Муну менен бирге, АИ-92 бензинине чекене баалар орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Исфана (бир литр үчүн 57,75 сом), Баткен (бир литр үчүн 57,12 сом), жана Ноокат (бир литр үчүн 56,10) шаарларында түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Токмок (бир литр үчүн 51,46 сом), Нарын (бир литр үчүн 51,63 сом), жана Талас (бир литр үчүн 51,69 сом) шаарларында катталды.

Бензинге болгон баалар мурунку айга салыштырмалуу кыйла өсүшү Покровка айылында жана Жалал-Абад шаарында 75,3 пайызга, ошондой эле Токмок шаарында 73,6 пайызга катталган.

Муну менен катар, дизелдик отунга чекене баалар орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Ноокат (бир литр үчүн 51,55 сом), Баткен (бир литр үчүн 51,16 сом), жана Кара-Суу (бир литр үчүн 50,14 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Токмок шаарында (бир литр үчүн 45,86 сом), Нарын шаарында (бир литр үчүн 46,24 сом ), жана Чаек айылында (бир литр үчүн 45,92 сом) байкалды.

Дизелдик отунга болгон баалардын 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эң жогору Покровка айылында - 43,3 пайызга, Ноокат шаарында - 49,9 пайызга жана Талас шаарында - 45,7 пайызга өскөнү катталды.

Пикир

Оставить комментарий