• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда көмүрдүн баасы бир пайызга төмөндөп, тоннасы 5 миң 178 сомдон сатылууда

Экономика 0

Бишке, 28.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын январында Кыргызстан боюнча көмүрдүн чекене баалары өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу бир пайызга төмөндөп, бир тонна үчүн 5 миң 178 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы (бир тонна үчүн – 3 950 сом) жана Нарын шаарларында (бир тонна үчүн – 4 400 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда көмүргө карата эң жогорку баалар Кара-Суу (бир тонна үчүн – 7 000 сом), Баткен жана Ноокат (бир тонна үчүн – 7 230 сом) шаарларында катталды.

Байкоого алынган көпчүлүк калк жашоочу пункттарда көмүргө карата чекене баалардын төмөндөгөнү, алардын ичинен көбүрөөк Ноокат (бир тонна үчүн – 530,8 сом), Кербен (бир тонна үчүн – 510,5 сом) жана Токтогул (бир тонна үчүн – 488,8 сом) шаарларында белгиленди.

Жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө карата бааларды жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы №209 токтому менен көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Көмүрдү төмөндөтүлгөн бааларда сатуу боюнча түйүндөрүнүн Жалал-Абад (тоннасы 4 000 сом), Ноокат (тоннасы 5 000 сом), Кара-Суу (тоннасы 3 000-3 800 сом) жана Бишкек (тоннасы 3 000 сом) шаарларында катталды.

Пикир

Оставить комментарий