• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда көмүрдүн баасы орто эсеп менен 114,53 сомго арзандады

Экономика 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата көмүргө болгон чекене баа орто эсеп менен 114,53 сомго же 2,5%га арзандаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эң жогорку баалар Ноокат шаарында тоннасына - 7 миң 436,59 сом, Баткенде тоннасына - 7 миң 140,04 сом, Исфанада бир тоннасына - 6 миң 445,15 сом, Кара-Сууда тоннасына - 6 миң 245 сомду түзгөн.

Ал эми төмөнкү баалар мурдагыдай эле Балыкчы шаарында (тоннасына – 3 694,59 сом), Нарын шаарында (тоннасына – 3 500 сом) жана Чаек айылында (2500 сом) байкалды.

Өткөн жумада көмүрдүн бааларынын төмөндөгөнү Кербенде – 300,17 сомго же 6,5 пайызга, Караколдо – 211,70 сомго же 3,9 пайызга, Ноокатта – 63,49 сомго же 0,8 пайызга, Исфанада – 47,92 сомго же 0,7 пайызга белгиленди. Ушул эле учурда калган калктуу конуштарда көмүрдүн баасы өзгөрүүсүз сакталган.

Пикир

Оставить комментарий