• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда көмүрдүн баасы орто эсеп менен 51 сомго арзандады

Экономика 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата көмүргө болгон чекене баа орто эсеп менен 51,13 сомго же 1,1%га арзандаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, эң жогорку баалар Ноокат шаарында тоннасына - 7 миң 611,43 сом, Баткен - 7 миң 140,04 сом, Кара-Суу - 6 миң 245 сом жана Исфана шаарында - 6 миң 245 сомду түзгөн.

Ал эми төмөнкү баалар Балыкчы шаарында (3 миң 94,59 сом) Нарын шаарында (3 миң 500) жана Чаек районунда (2 миң 500) байкалган. Аны менен бирге көп шаарларда көмүргө болгон баа өзгөргөн эмес.

Көмүргө болгон баа эң көп Өзгөн шаарында жогорулаган. Көмүрдүн баасы 402,69 сомго же 8,1% жогорулаган. Ноокат - 181,69 сомго же 2,4% жана Токмок шаарында 184,73 сомго же 4,9% өскөн. Ал эми Баткен шаарында көмүрдүн баасы 667,89 сомго же 8,6%га, Токтогулда187,51 сомго же 3,9%га төмөндөгөн.

Пикир

Оставить комментарий