• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда көмүрдүн баасы орточо эсеп менен 832 сомго кымбаттады — баалардын учурдагы абалы

Коом 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда көмүрдүн орточо керектөө баалары бир тонна үчүн 832,2 сомго же 18,8 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, муну менен бирге, минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 000 сом) жана Нарын шаарында (бир тонна үчүн – 4 200 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда, көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат (бир тонна үчүн – 9 486,8 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 8 937,8 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 8 485,3 сом) шаарларында катталды.

Көмүргө карата баалар өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербен - тоннасы 3 651,9 сомго же 2 эседен ашык, Баткен тоннасы 2 299,8 сомго же 34,6 пайызга жана Жалал-Абад шаарларында - тоннасы 1 875,9 сомго же 39,4 пайызга бир кыйла өсүшү белгиленди.

Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн орточо керектөөчү баалары
(бир тонна, сом)

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий