• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда көмүрдүн баасы өткөн айга салыштырмалуу 8,2 пайызга төмөндөдү

Экономика 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Көмүрдүн чекене баалары 2021-жылдын декабрына бир тонна үчүн орточо 5 211,2 сомду түздү. Бул үстүбүздөгү жылдын ноябрына салыштырмалуу 8,2 пайызга арзан, - деп кабарлайт Улуттук статистика комитети.

Маалыматка ылайык, бул алардын Исфана (бир тонна үчүн 2 270,8), Баткен (бир тонна үчүн 2 120,1 сом), Ноокат (бир тонна үчүн 1 654,1 сом) жана Талас (бир тонна үчүн 1 620,3 сом) шаарларында төмөндөшү менен шартталды.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн 4 050 сом), Нарын шаарында (бир тонна үчүн 4 450 сом), болгону байкалды. Ошол эле учурда, көмүргө болгон жогорку баалар Ноокат (бир тонна үчүн 7 764сом), Баткен (бир тонна үчүн 7 599сом), Кербен (бир тонна үчүн 7 211сом) жана Кара-Суу (бир тонна үчүн 7 000 сом) шаарларында катталды.

Белгилей кетсек, жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө бааларды жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы №209 токтому менен көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Жалал-Абад (тоннасы 4 000 сом), Талас (тоннасы 4 500 сом) жана Ноокат (тоннасы 5 000 сом) шаарларында төмөндөтүлгөн баалар боюнча көмүр сатуу түйүндөрү катталган.

Пикир

Оставить комментарий