• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстанда көмүрдүн баасы өткөн айга салыштырмалуу 8 пайызга арзандады

Экономика 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда көмүрдүн баасы өткөн айга салыштырмалуу 8 пайызга арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24 декабрына карата бир тонна көмүрдүн орточо баасы 5 211,8 сомду түздү жана 8,2 пайызга төмөндөдү. Бул алардын Исфана (бир тонна үчүн 2 270,8), Баткен (бир тонна үчүн 2 120,1 сом), Ноокат (бир тонна үчүн 1 654,1 сом) жана Талас (бир тонна үчүн 1 620,3 сом) шаарларында төмөндөшү менен шартталды.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн 4 000 сом), Нарын шаарында (бир тонна үчүн 4 450 сом), болгону байкалды. Ошол эле учурда, көмүргө болгон жогорку баалар Ноокат (бир тонна үчүн 7 764сом), Баткен (бир тонна үчүн 7 599сом), Кербен (бир тонна үчүн 7 251сом) жана Кара-Суу (бир тонна үчүн 7 000 сом) шаарларында катталды.

Белгилей кетсек, жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө бааларды жөнгө салуу максатында, КР министрлер кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы №209 токтому менен көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Жалал-Абад (тоннасы 4 000 сом) жана Ноокат (тоннасы 5 000 сом) шаарларында төмөндөтүлгөн баалар боюнча көмүр сатуу түйүндөрү катталган.

Көрүлгөн чаралардын убактылуу мүнөзүн эске алуу менен Улутстатком тарабынан эсептөөлөрдү жүрүшүндө көмүргө карата жогоруда көрсөтүлгөн орточо баалар жыйынтыктарга киргизилген эмес.

Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүргө) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий