• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда көмүргө болгон орточо баанын төмөндөшү байкалууда

Экономика 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Кыргызстанда көмүргө болгон орточо баанын төмөндөшү байкалууда, - деп билдирет Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Ведомстводон кабарлашкандай, 26-декабрга карата көмүрдүн жалпы республика боюнча орточо чекене баалары ноябрь айындагы баага салыштырмалуу – бир тоннасы 188,29 сомго же 4 пайызга төмөндөдү. Ошондой эле ноябрдын төртүнчү жумасына салыштырмалуу 240,24 сомго же 5,1 пайызга төмөндөгөнү байкалды.

Ал эми айрым калктуу конуштарда көмүрдүн баасы өзгөрүүсүз сакталып калган.

Көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат шаарында (бир тоннасына – 7 469,48 сом), Баткен шаарында (бир тоннасына - 7 468,01 сом) жана Исфана шаарында (бир тоннасына – 6 340,35 сом) байкалган.

Ушул эле учурда минималдуу чекене баалар Балыкчыда (бир тоннасына – 3 694,59 сом), Нарында (бир тоннасына – 3 500 сом) жана Чаек айылында (бир тоннасына – 2 500 сом) байкалды.

Пикир

Оставить комментарий