• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда көмүскө экономика боюнча изилдөө жүргүзүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 09.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасында көмүскө экономика боюнча изилдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараты менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан жетишилди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Көмүскө экономика боюнча изилдөө жүргүзүүнүн жүрүшүндө көмүскө экономиканын ар түрдүү тармактардагы масштабдарын изилдөө сыяктуу аспектилерине, фискалдык саясат жана жөнгө салуучу функция, “күзгүдөй” салыштыруу статистикасы, товарларды өндүрүү жана кызматтар маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча чаралар иштелип чыкмакчы.

Көмүскө экономика масштабдарын кыскартуунун маанилүүлүгүн эске алып, ЕРӨБ бул долбоорду ишке ашырууга эксперттик жардам жана техникалык көмөк көрсөтүүгө макулдугун берди.

Кыргыз Республикасынын экономикасынын байкалбаган тармагы боюнча изилдөө өткөрүү жана аны кыскартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн эксперттерди (консультанттарды) жалдоо боюнча тендер жарыяланган. Тендердин жеңүүчүсү PricewaterhauseCoopers LLP («PwC») компаниясы болгон.

Белгилей кетсек, экономиканын байкалбаган тармактарын кыскартуу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жана сунуштардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2020-жж. экономиканын байкалбаган тармактарын кыскартуу иш-чараларынын планы даярдалат.

Пикир

Оставить комментарий