• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 300 миллиард сомду түзөт — Салык кызматы

Экономика 0

Бишкек, 24.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү болжол менен 300 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев билдирди.

Анын айтымында, Улуттук статистикалык комитеттин расмий маалыматы боюнча, өлкөдө көмүскө экономиканын көлөмү ИДПнын 20-24%ын түзөт.

“Каржы институттарынын маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын көлөмү дээрлик 40%ды түзөт, бул 300 млрд сомго жакын”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий