• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда көрүстөндөрдү диний таандыгына жараша бөлөт

Коом 0

Бишкек, 10-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда көрүстөндөр диний таандыгына ылайык бөлүктөргө бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн тегерек үстөлдө КР Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиясынын аналитика бөлүмүнүн башчысы Гүлназ Исаева билдирди.

Ал мындай чечим башка диндеги жарандардын укуктарын бузбоо үчүн кабыл алынгандыгын белгиледи.

“Изилдөөлөр боюнча, калктын 90%ы этникалык таандыгы жана диний көз карашы боюнча исламды карманат. Ушундан улам, аларга көрүстөндүн көп бөлүгү бөлүнөт. Ошону менен бирге ислам жана башка конфессияларга бөлүштүрүлөт. Башка бөлүккө бөлүү зарылдыгы болсо, жергиликтүү коомчулуктун тапшырыгы менен жасалат”, - деп билдирди ал.

Ошондой эле, Г.Исаева бул маселени кароодо КР мусулмандар диний башкармалыгы менен макулдашылган.

“Алар бөлүү табигый же жасалма жол менен, тактап айтканда, жол же дубал менен болушу керектигин айтышты”, - деп белгиледи Гүлназ Исаева.

Пикир

Оставить комментарий