• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда көзү азиз балдар үчүн Брайл шрифти менен китептер басылып чыкты

Билим 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Бишкек жана Ош шаарындагы көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернаттарынына китептер басылып чыгарылды. Каражат Билим берүү жана илим министриги тарабынан бөлүндү, - деп кабарлайт министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жаңы окуу жылына карата мындагы билим алган 7-класстан баштап, 11-класска чейинки окуучулар үчүн Брайл шрифти менен 4 аталыштагы китептер басылып чыкты.

Бишкек жана Ош шаарындагы көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернатында жалпы 340 окуучу билим алат.

Пикир

Оставить комментарий