• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда кайрадан Бүткүл дүйнөлүк аманат күнү белгиленүүдө

Экономика 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын баардык аймагында Бүткүл дүйнөлүк аманат күнү белгиленет. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында уюштуруучулар билдиришти

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мээрим Момункулова билдиргендей, акча сактоо күнүн өткөрүүнүн негизги максаты - жарандар арасында акча сактоо маданиятын жогорулатуу.

“Биздин өлкөдө Дүйнөлүк акча сактоо күнү төртүнчү жолу белгиленүүдө. Бул иш-чара Германиянын сактык кассалар фондунун, Билим берүү министрлигинин, коммерциялык банктар жана депозиттерди коргоо агентигинин колдоосу менен биргеликте өткөрүлүп келет”, - деди ал.

Иш-чаранын эң негизги темасы болуп келечектеги пландоо болуп эсептелет. Тактап айтканда келечекте окуу, турак жай сатып алуу жана саякаттого жана башка ушу сыяктуу нерселерге туура акча каражаттарын сактоо. Дүйнөлүк акча сактоо күнүнүн девизи – “Бүгүнкү салым – эртеңки кенч”.

Момункулова белгилеп кеткендей, жылдан-жылга бул иш-чара көптөгөн аймактарды камтууда. Мектептерде жана жогорку окуу жайларда сактыктын маанилүүлүгү тууралуу лекциялар уюштурулуп, коммерциялык банктарга экскурсиялар уюштурулуп, ар кандай викторина жана сынактар өткөрүлүүдө. Иш-чаранын толук программасы тууралуу http://www.nbkr.kg/ жана http://finsabat.kg/ шилтемелери аркылуу таанышууга болот.

Германиянын элчилигинин экономикалык кызматташуу жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Касьен Онезорге маалымдагандай, анын мекенинде акча сактоо чоң мааниге ээ.

“Эл аралык аманат күнү - ар бир адамдын жашоосунда позитивдүү жарчы боло алат. Акча сактоодо кайсы модель эң жакшы экендигин айтуу мүмкүн эмес, ар бир адам өзү тандайт. Азыркы учурдан тарта камкордук көрүп, келечекте акча маселесин ойлобостон тынчсызданбай жашоого мүмкүн”, - деп белгиледи Онезорге.

Германиянын сактык кассалар фондунун эл аралык кызматташтыктын аймактык координатору Аня Хойердин айтымына ылайык, немис балдар үчүн бул күн өзгөчө мааниге ээ. Акча сактоонун негизги белгиси катары чочконун формасындагы акча сактагыч эсептелет.

“Бул күнү балдар чыдамсыздык менен банктардын ачылышын күтүшөт. Алар акча сактагычтарды ачып өз эсебине акча салуу менен абдан сыймыктанышат. Германияда жарандардын 66% шарттуу түрдө акча сактайт ”, - дейт ал.

Кыргызстанда акча сактоонун атрибуту катары боз үйдүн формасындагы акча сактагыч эсептелет.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, Кыргызстанда бул иш-чараны өткөрүү финансылык депозиттердин өсүүсүнө жана жарандардын акча сактоо системасына катышуусуна алып келди. Атап айтканда, 2017-жылы коммерциялык банктагы депозиттердин саны 118 млрд. сомду түзгөн, азыркы тапта ал 127 млрд. сомго чейин өскөн.

Пикир

Оставить комментарий