• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда кайрадан чектөөлөр киргизилиши мүмкүн - Абдикаримов

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Өткөн үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго "Эмне себептен өлкөдө коронавирус жуктурган учурлар аз болгондо өзгөчө абал режими киргизилсе, бүгүнкү күндө илдетти жуктургандардын саны көп болгонуна карабай баары иштеп жатат?" деген суроо берилген.

Саламаттык сактоо министри белгилегендей, эпидемиянын башталышында өлкөдө өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режими жана карантин киргизилген. "Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими киргизилгенде чектөө чаралары да киргизилип, көптөгөн объектилер жабылган. Андан кийин Республикалык штабдын чечими менен биз экономикалык ишмердүүлүктөрдү этап-этабы менен жандандырдык. Бирок азыр оорунун жаңы учурларынын саны өсүүдө жана күнүнө 200гө чейин катталууда. Эпидемиологиялык кырдаал ушунтип улана берсе чектөө чаралары киргизилиши мүмкүн", - деди ал.

Абдикаримов кошумчалагандай, илдеттин жайылышына бөгөт коюу максатында дем алыш күндөрү коомдук транспорттордун жүрүшүнө чектөө коюлду.

Пикир

Оставить комментарий