• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда кайрадан этке болгон баанын көтөрүлүшү байкалууда – Айыл чарба министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда кайрадан этке болгон баанын көтөрүлүп жаткандыгы байкалууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдирди.

Анын айтымында, акыркы айларда этке болгон баа кескин көтөрүлүп кеткен. Эттин баасы килограммы үчүн 280 сомдон 400 сомго чейин жогорулаган.

“Андан кийин 360 сомго түшкөн. Учурда кайрадан этке болгон баанын 370-380 сомго чейин жогорулашы байкалууда. Биз азыр мындай өсүш эмне менен байланыштуу болуп жаткандыгын изилдеп жатабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий