• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда кайрадан ИДПнын өсүшү байкалууда

Экономика 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрга чейинки убакыт ичинде Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 368 миллиард 3252,4 миллион сомду түздү.

Улуттук статистикалык комитеттин адистеринин алдын ала баалоосу боюнча бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу анын 1,2 пайызга өскөнүнөн кабар берет.

“Кумтөр” алтын кенин эске албаганда ИДПнын 9 айдагы көлөмү 336 миллиард сомду түзүп, 2,4 пайызга өскөн.

Комитеттин эсептөөсү боюнча буга чейинки 8 ай ичинде республикада экономикалык көрсөткүчтөрдү түзүүдө терс тенденция байкалган. Бул оор өнөр жайдын өндүрүшүнүн чыгышынын көлөмүнүн төмөндөшүнө байланыштуу болгон.

Кыргызстандын ИДПнын көлөмү январь айынан август айына чейин 310,2 миллиард сомдон ашкан. Аталган көрсөткүч былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 0,3 пайызга төмөндөгөн жана экономикалык өсүштүн темпинин жайлаганынан кабар берген.

“Кумтөр” алтын кенин эске албаганда, 8 айдагы ИДПнын көлөмү 283 миллиард сомду түзүп, 2,1 пайызга өскөн.

Өкмөттүн отурумунда 26-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул көрүнүш оңдолорун, калган 4 айда жыл аягына чейин КРнын ИДПнын көлөмү өнөр жай секторунун эсебинен көбөйө турганын билдирген.

Министрлер кабинетинин башчысы ал үчүн Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилиги менен көрсөтүлгөн маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн жана өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү тууралуу макулдашылганын айткан.

Пикир

Оставить комментарий