• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда кайрадан жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 3-май /Кабар/. КР ӨКМ басма сөз кызматы Кыргызстанда кайрадан жер титирегендигин билдирди.

3-майда 11:36да КР УИА Сейсмология институтунун сейсмологиялык станциясы күчү борборунда 4,5 баллга жеткен жер титирөөнү каттаган.

Силкинүүнүн очогу Тажикстандын аймагында Кара-Тейит айылынан 25 км батышка, Карамык айылынан батышка карай 28 км, Баткен шаарынан түштүк-чыгышка 85 км, Ош шаарынан түштүк-батышка 163 км аралыкта жайгашкан.

КРнын калктуу аймактарында титирөөнүн күчү Кара-Тейит, Карамык айылдарында – 4 балл, Тунук-Суу, Сары-Талаа, Коргон, Шибээ, Чак, Жар-Башы, Дароот-Коргон, Жаш-Тилек, Кара-Шыбак айылдарында 3 баллга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий