• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда кайсы дарылардын баасы арзандады? (тизме)

Ден соолук 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир катар дары-дармектин баасы арзандады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, маанилүү дарылардын тизмесине кирген жана өлкөнүн калкы арасында чоң суроо-талапка ээ болгон 500дөй дары-дармектердин тобу аныкталып, бир катар дарыкана уюмдары тарабынан республика боюнча орточо эсеп менен 10%га жана айрымдарга 25тен 68,2%га төмөндөтүлгөн.

500дөй дары топторунун тизмеси менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: http://pharm.kg/upload/%D0%9D%D0%B5%D0%BC%D0%B0%D0%BD%2011%20(1).pdf

Министрликтин маалыматы боюнча, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен дары-дармектерге болгон бааны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин протоколдук тапшырманы аткаруу максатында аткарылууда.

Мындан сырткары, УКМК, Саламаттык сактоо министрлиги жана Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин ведомстволор аралык жумушчу тобу дары-дармектердин баасын жөнгө салуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү. Негизги максат – өлкөнүн калкы үчүн дары-дармектин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ири дарыкана түйүндөрүнө ээ болгон фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, анда дары-дармек каражаттарына болгон бааларды жөнгө салуу маселеси каралган.

Пикир

Оставить комментарий