• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталат

Коом 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Кыргызстанда калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында юстиция министрлиги алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтуусунда, юстиция министрлиги тарабынан уюштурулган калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы 18нен 22-ноябрга чейин уланат.

"Биринчи кезекте бул биздин жарандардын таламдарын жана укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн керек. Аталган декаданын алкагында биздин жарандарга укуктук кеп-кеңештер берилет. Андан тышкары, акысыз негизде адвокаттын кызматы сунушталат. Жогорку окуу жайларындагы, мектептердеги жана башка жерлердеги борборлорго кайрылышса болот", - деп билдирди Калбеков.

Директор билдиргендей, декаданын алкагында мамлекеттик органдар да катышат - ИИМ, ММК, ЖАМК, социалдык фонддордун жана башка уюмдардын өкүлдөрү.

Пикир

Оставить комментарий