• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталды

Коом 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. Кыргызстанда 3-декабрдан тарта калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин алдындагы 24 укуктук жардам көрсөтүү борбору жана 12 координатор, облустук юстиция башкармалыктары, райондук мамлекеттик нотариалдык конторалар, Адвокатуранын аймактык бөлүмдөрү бекер юридикалык жардам көрсөтүшөт.

Ошондой эле адвокаттар Бишкекте жана аймактарда, калк көп чогулган жайларда жарандарга юридикалык консультация берет.

Мындан тышкары ири окуу жайларында лекциялар өткөрүлүп, маалыматтык-агартуу материалдар таркатылат.

Декаданын негизги максаты – калктын аялуу топторунун укуктук корголгондугунун деңгээлин жогорулатуу, юридикалык жардам көрсөтүү, укуктук жактан агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү.

Укуктук жардам көрсөтүү декадасы 10-декабрда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий