• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда калкты кайра каттоо Токмоктон башталат – эмнеге?

Коом 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда калкты жана турак-жайды кайра каттоо Чүй облусунан башталат. Тагыраак айтканда, Токмок шаарынан жана Чүй районунан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин калкты жана турак-жайды каттоону уюштуруу секторунун башчысы Жаныбек Эсенгелдиев кабарлады.

Планга жараша, даярдоо этабынын алкагында калкты каттоо иш-чаралары 25-мартта старт алып, ушул жылдын 3-апрелине чейин уланат.

Ведомстводон түшүндүргөндөй, бул каттоо пилоттук болот. Ал эми Кыргызстан боюнча жалпысынан калыкты кайра каттоо 2020-жылда башталат.

“Пилоттук каттоону жүргүзүү үчүн 341 адам чакырылат. Аларды окутуу 11-мартта башталып, 14-мартка чейин уланат. 15нен 17-мартка чейин дагы 275 адам окутулат. Каттоо процесси негизги үч этапка бөлүнөт: биринчи этап – даярдоо. Буга укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгуу, пилоттук каттоону жүргүзүү ж.б. кирет. Экинчи этап – каттоону чогултуу жана үчүнчүсү – чогултулган материалдарды иштеп чыгаруу жана жыйынтыктарын таратуу”, - дейт Эсенгелдиев.

Ал белгилегендей, алдыдагы калкты жана турак-жайды каттоонун өзгөчөлүгу катары эмгек миграция, туруктуу өнүгүү индикаторлору тууралуу суроолор болот. Так ушундай суроолор блогу ЕАЭБдин баардык өлкөлөрүндө иштейт. Бул чогултулган маалымат Бирикменин мүчөсү болгон баардык өлкөлөрдүн ички жана тышкы миграция картасын жана ар бир өлкөдөгү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын санын аныктоого жардам берет.

Жалпысынан Кыргызстанда каттоо жургүзүү үчүн 25 миң кызматкер чакырылат. Анын ичинен 18 миңи каттоочу кызматкерлер болот. Республикада 563 каттоо бөлүмдөрү жана 4 миң инструктордук тилке түзүлөт.

Белгиленгендей, каттоого тартылган ар бир кызматкерге үч бурчтук формасындагы каттоочунун күбөлүгү берилет. Анын ичинде катточунун сүрөтү жана аты-жөнү жазылат. Андан тышкары жергиликтүү администрациянын башчысынын, мэрдин, мамлекеттик статистика комитетинин аймактык органынын жетекчисинин колу жана тиешелүү басма коюлат. Каттоо 10 күн жүргөндөн кийин ал күбөлүктөр алынат. Андан тышкары атайын белгилерди же каттоочунун атайын формасын түзүү маселеси каралууда. Буга байланыштуу жарандар алдамчылардын торуна түшүп калбоо үчүн абдан сак болуулары керек.

Пикир

Оставить комментарий