• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда калкты кайра каттоо жылдырылбайт. Кызматкерлер беткап менен иштешет – Улуттук статком

Саясат 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун кайра каттоо жылдырылбайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен “Кабар” агенттигинебилдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, дүйнөдө коронавирус илдетинин тарашынан байланыштуу Улуттук статистика комитети тарабынан семинардын катышуучуларына инфекциядан сактануунун негизги шарттары тууралуу маалыамдоо жагы каралган.

“Каттоочуларды үйрөтүүчү имараттын ичинде дайыма нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүп, желдетип, жеке гигиенаны сактоо жана дем алуу органдарды сактоо максатында беткаптарды колдонуу тууралуу сунуштар берилген”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий