• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда Калкты тейлөө борборлоруна кошумча байкоо камералары орнотулууда

Коом 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Калкты тейлөө борборлорунун ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык элементтерди жоюу жана кызматкерлердин ишин көзөмөлдөө үчүн, ошондой эле ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында кошумча байкоо камераларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, камералар министрликтин дарегине келип түшкөн даттанууларды эске алуунун негизинде орнотулууда.

"Бүгүнкү күндө Ош шаарынын Калкты тейлөө борборунун имаратынын аралыгы боюнча жана операторлордун иш орундарында 56 байкоо камералары орнотулду. Ош облусу боюнча жалпы жонунан 108 байкоо камералары орнотулат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Ноокат жана Араван райондорундагы КТБларга 31 даана жаңы байкоо камералары орнотулду. Андан тышкары, Ош облусундагы Кара-Суу шаарында жайгашкан КТБ-1ге 10 жана Өзгөн шаарындагы КТБ-2ге 6 даана кошумча байкоо камералары орнотулду. Жалпысынан 52 даана камера орнотуу пландалган.

Ал эми Жалал-Абад шаарындагы КТБдагы 24 аналогдук байкоо камералары санариптик камерага алмаштырылды, муну менен бирге Сузак районундагы (8 даана) жана Базар-Коргон районундагы (8 даана), ошондой эле Токтогул шаарындагы (6 даана) Калкты тейлөө борборлорунда да байкоо камералары орнотулду. Жалпы эсеп менен 46 байкоо камералар орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий