• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда калктын ишеним индекси боюнча ӨКМ алдыңкы сапта турат

Коом 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калктын ишеним индекси боюнча министрликтер, ведомстволор арасында 47,8 упай менен алдыңкы орунга чыкты.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министрликке калктын ишенимин чыгарууда төмөнкү көрсөткүчтөр негиз болгон:

  • 2020-жылдын биринчи жарым жылындагы “Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин баалоо” индекси - 48,9 упай;
  • 2020-жылдын биринчи жарым жылындагы “Мамлекетке жарандын жеке ишеними” индекси - 52, 2 упай;
  • 2020-жылдын биринчи жарым жылындагы "Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын деңгээли жөнүндө жеке түшүнүк” индекси - 42,7 упай.

Өлкө боюнча 2020-жылдын 6-айында 1 027 өрт кырсыгы (2019-жылы – 1478) катталып, өрттүн санын - 30,5% га кыскарган.

Куткаруу жана өрт-куткаруу кызматтары тарабынан 2020-жылдын 6 айында жол кырсыгынан - 40 (2019-жылы - 70), өрт кырсыгынан – 24 (2019-жылы - 46), экстремалдык абалда - 25 (2019-жылы - 56), жалпысынан - 89 (2019-жылы - 173) адам куткарылган.

Табигый кырсыктардын алдын алуу багытында 2020-жылдын 6 айында 248 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 182 объект пайдаланууга берилди. Натыйжада 10 507 кожолук жана 3 417 га айыл чарба аянттары, 10 мектеп, 6 бала бакча, 5 ФАП, 21 ЛЭП, 3 мечит, 1 устакана, 1 стадион, 7 көпүрө, 1 насостук станция, 1 суу түтүкчө корголуп жана 2 552 кожолук транспорттук каттам менен камсыз болду.

Пикир

Оставить комментарий