• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда калктын канча пайызы коронавирус менен ооруганын аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүлүп жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда калктын канча пайызы коронавирус менен ооруганын аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Маалымат жыйында ага "учурда коронавирус жуктурган адамдар калктын канча пайызын түзөт жана расмий статистикага канча киши кирбей калган болушу мүмкүн" деген суроо узатылды.

"Учурда өлкөдө коронавирус жуктурган (пневмонияны эсепке алганда) учурлардын саны 31 миң 247ни түзөт. Алар бардык калктын 0,5%ын түзөт. Албетте эл арасында оорунун белгилери байкалбай ооруп жаткан адамдар бар экени белгилүү. Калктын арасында канча адамда оору белгисин билгизбей өтүп жатканын, башкача айтканда канча адам ооруп чыкканын же ооруп жатканын аныктоо үчүн иммуноферменттик изилдөө жүргүзүлүп жатат. Аны өлкөдөгү жеке лабораториялар жүргүзүп жатат. Алар тиешелүү уруксаттарды алышкан. Ошол жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны Саламаттык сактоо министрлигинде чогултулуп, такталып, калктын арасында бул илдет канчалык пайыз таралганы эсептелип бул боюнча маалымат берилет. Андан тышкарык калктын арасында канча пайыз адамда иммуноглобулин иштелип чыкканын билиш үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дагы бардык аймактарда ар кыл жаш курактагы адамдар арасында иммуноферменттиканализ жүргүзүлө баштады", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий