• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда калктын каржылык сабаттуулугу өсүүдө – Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек,12.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда калктын каржылык сабаттуулугу өсүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик программа кабыл алынган.

“Программа кыска жана узак мөөнөттө ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан. Кыска мөөнөттүү болуп Дүйнөлүк акча жумалыгын өткөрүү саналат. Ал калктын бардык катмары үчүн абдан пайдалуу. Бирок бул бир гана жумалык. Ал эми узак мөөнөттүү – каржы сабаттуулугунун негизинде мектептерде финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча ийримдерди киргизүү саналат. Бул маселе боюнча кайсыл сабактар жана канча саат бөлүнө тургандыгы Билим берүү жана илим министрлиги менен иштелип чыгууда”,-деп билдирди ал.

Абдыгулов ошондой эле чоңдор үчүн да курстар иштелип жаткандыгын билдирди.

“Бизде финансылык сабаттуулукка жаштарды гана үйрөтпөстөн, улууларды да үйрөтө турган нерселер бар. Мисалга, эгерде сизге өзүңүз албаган насыя үчүн үйүңүздү күрөөгө калтыр десе албетте ал нерсени кылуунун кереги жок. Же болбосо кимдир бирөө биргелешкен иш баштоону сунуштап, бирок документтештирүү мүмкүн болбой жатса, анда аны да кылуу керек эмес. Бул тиричилик маселелери болгону менен көптөгөн адамдардын тагдырына таасирин тийгизет”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий