• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда калктын мүлк жана кирешелерин мыйзамдаштыруу боюнча кампания жүрөт

Экономика 0

Бишкек, 17.05.19. /Кабар/. Кыргызстанда калктын мүлк жана кирешелерин мыйзамдаштыруу кампаниясын өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Дастан Кадыров билдирди.

Анын айтымында, мындай кампания 2013-жылы өткөрүлгөн.

"Мыйзам долбоору коомдук талкуулардан өтүп, учурда өкмөттүн кароосунда турат. Жакын арада ал парламентке жиберилет. Бул кампаниянын жакшы жагы, жарандар ири салык төлөөдөн коркпой эле өз мүлкүн мыйзамдаштыра алат", - деди Кадыров.

Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты мүлк менен кирешелерди мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө алып келүү жана ыктыярдуу декларацияланган мүлк менен кирешенин кол тийбестигине кепилдик берүү.

"Ыктыярдуу декларациялоо болгондо ал процесстин купуялуулугу сакталат. Кампаниянын алкагында жарандар менен бизнесмендерге 70 млн. сомго чейинки суммага салык салынбайт. Бирок, ал 70 миллиондон ашса, жаран 700 миң өлчөмүндө салык төлөйт. Ошондой эле, маселен жаран 1 млн. долларды мыйзамдаштырууну кааласа 10 миң доллар салык төлөшү керек болот", - деди ал.

Кадыровдун пикири боюнча, бул демилге бизнесмендерге көмүскөдөн чыгып, ишин мыйзамдуу жүргүзүүгө түрткү болот.

Пикир

Оставить комментарий