• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда камсыздандыруу боюнча түзүлгөн келишимдердин саны кыскарды

Экономика 0

Бишкек, 28.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда камсыздандыруу боюнча түзүлгөн келишимдердин саны кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын I кварталында республиканын экономикасынын финансы секторунда 14 камсыздандыруу компаниялары ишмердигин жүргүзүштү. Алардын кирешелери 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 29,8% көбөйдү жана 537,7 млн. сомду түздү. Муну менен бирге, кирешелердин негизги көлөмү (анын жалпы суммасынын 93% жакыны) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.

Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары бул мезгил ичинде 1,5 эсеге көбөйдү жана 497,2 млн сомду түздү. Мында жалпы чыгымдардын суммасынын 44% кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу төгүмдөрүнө (сый акыларга) кеткен чыгымдарга жана 22% - ишти жүргүзүүгө кеткен чыгымдарга туура келди.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 40,5 млн сом сальдолоштурулган пайда алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 43,4 млн сомго аз.

2022-жылдын 1-апрелине карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 61 миңге жакын камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 17% аз. Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын ичинен 89% жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди. Ыктыярдуу камсыздандыруу үлүшүнө түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 67% туура келди.

Камсыздандыруу түрлөрү боюнча түзүлгөн келишимдердин саны

(жалпы санына карата пайыз менен)

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда 8% көбөйүү менен 2022-жылдын 1-апрелине карата 273,7 млрд. сомду түздү. Жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу жана жеке туризм камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасынын эң көп көбөйүшү белгиленди.

2022-жылдын I кварталында камсыздандыруу төгүмдөр 498,3 млн. сомдо келип түшкөн, бул өткөн жылдын январь-мартына караганда 1,5 эсеге көп.

Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 2 миңге жакын камсыздандыруу учурлар байкалды, алардын ичинен 56% жакыны ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасында 65% - ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга жана 15% - жеке медициналык камсыздандырууга туура келди.

Пикир

Оставить комментарий