• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда канча туризм ишканасы бар? – Улуттук статистика комитетинин маалыматтары

Экономика 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда жыл башынан сентябрь айына чейин 472 мекеме туристтерге тейлөө кызматын көрсөткөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Улуттук статистика комитетинин билдиргени боюнча, алардын ичинен 188и санаторий, пансионат, эс алуу үйлөрү, спорттук - ден соолукту чыңдоочу лагерь жана комплекстер кирген атайын адистештирилген жайлар.

Мындан тышкары, 187 мейманкана, жатаканалар, 60 туристтик фирма жана туристтик операторлор иштеген.

Эсептөөлөр көрсөткөндөй, аталган убакыт ичинде туристтерди тосуп алуу, жайгаштыруу боюнча Ысык-Көлдө 900 конок үйлөрү бар болгон. Бул туристтик уюмдардын негизги бөлүгү – 37,5%ы Ысык-Көлдө экенин көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий