• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда кандай ири спорттук иш-чаралар өтөт? - Спорт агенттигинин жообу

Коом 0

Бишкек, 24.05.19. /Кабар/. Башкы республикалык жана эл аралык мелдештердин календардык планынын негизинде быйыл 5 Азия чемпионатын өткөрүү пландаштырылууда, - деп билдирди "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев.

Анын айтуусунда, 2 спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча Борбордук Азия чемпионаттары: спринтердик аралыкка триатлон (2019-жылдын 29-30-июнь күндөрү) жана волейбол (2019-жылдын 15-21-июль күндөрү).

"Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча 2019-жылдын 6-12-июнь күндөрү армрестлинг боюнча Азия чемпионатын, 2019-жылдын 24-30-июнь күндөрү таэквон-до ИТФ (ITF) боюнча Азия Кубогун жана 2019-жылдын 5-июлунан 7-июлуна чейин кармашып урушуу боюнча Азия чемпионатын өткөрүү пландаштырылган", - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле анын маалыматына ылайык, КМШга мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спортту өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча – 2019-2020 жылдардын планына ылайык, 2020-жылга чейин ар жыл сайын 2019-жылдын 4-12-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда эл аралык Ысык-Көл оюндары өткөрүлөт.

"Оюндар ден-соолукту чыңдоо, дене тарбия – массалык иштерди, элдердин жана спорттук уюмдардын ортосундагы достукту чыңдоону андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында өткөрүлөт. Жыл сайын оюнга КМШ жана ШКУга мүчө өлкөлөрдөн 2 миңден ашык спортчулар катышат", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий