• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда кандай учурда Өзгөчө кырдаал жарыяланышы мүмкүн – жооп

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргызстанда кандай учурда Өзгөчө кырдаал жарыяланышы мүмкүн экенин айтып берди.

Ал өзгөчө кырдаал республикалык, облустук жана райондук болуп ажыратыларын белгиледи.

"Эгер өлкөдө кайсы бир райондо коронавирус жуктурган учур катталса, ал райондо өзгөчө кырдаал жарыяланат", - деди ал.

Аны менен бирге ал, алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатканын жана вирусту аныктоо үчүн тесттер жетиштүү экенин айтып өттү.

Өмүрбекованын маалыматы боюнча, өлкөдө 644 жасалма дем алдыруу аппараты бар.

Пикир

Оставить комментарий