• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда "Канжар – Х" кыргыз-индия биргелешкен машыгуусу жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 19.03.23. /Кабар/. Күн мурун, 18-мартта Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүндө атайын багыттагы күчтөрдүн "Канжар – Х" биргелешкен кыргыз-индия машыгуусу жыйынтыкталды.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, машыгуунун активдүү фазасында мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү тоолуу шарттарда жок кылуу боюнча биргелешкен атайын тактикалык эпизоддор көрсөтүлдү.

Биргелешкен машыгуунун планы боюнча тактикалык, тоо, аскердик-медициналык, ок атуу даярдыгы боюнча, чабуул учурунда имараттын ичиндеги аракеттердин тактикасы жана экстремалдык шарттарда аман калуу техникасы боюнча практикалык сабактар өткөрүлгөн.

Эскерте кетсек, эки дос мамлекеттин коргоо ведомстволорунун ортосундагы атайын багыттагы бөлүмчөлөр менен "Канжар" биргелешкен машыгуусу жыл сайын өтүп, былтыркы жылы Индиянын аймагында өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий