• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда “Канжар VIII” кыргыз-индия биргелешкен машыгуусу өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-апрелде КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128 аскер бөлүгүнүн базасында кыргыз-индия биргелешкен атайын багыттагы күчтөрүнүн «Канжар –VIII» машыгуусунун ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки тараптын аскердик кызматташытыгынын Планын алкагында машыгууга катышуу үчүн индиялык аскерлер Кыргызстандын аймагына келишти.

Эки жума бою кыргызстандык жана индиялык атайын багыттагы бөлүкчөлөрүнүн аскер кызматчылары тоолуу шарттарда мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операцияга киргизүүгө даярдоонун маселелерин иштеп чыгышат.

Биргелешкен тренингдин планы боюнча тактикалык, тоо, аскердик-медициналык, ок атуу даярдыктары боюнча, чабуул учурунда имараттын ичиндеги аракеттердин тактикасы жана экстремалдуу шарттарга кептелгендеги жашоо аракетинин техникалары боюнча практикалык сабактар жүргүзүлөт.

Машыгуу буга чейинки окутуудагы бардык сабактарды практикалык бышыктоолор менен көрсөткөн тактикалык эпизод аркылуу жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, атайын багыттагы кошуундардын “Канжар” биргелешкен машыгуусу аскер ведомстволор аралык эки достук мамлекеттеринде жыл сайын өтүүдө. Былтыркы жылы Индиянын аймагында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий