• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда капиталдык салымдарга бюджеттен 2,1 млрд сом бөлүндү – Мамкурулуш

Коом 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. 2019-жылдын “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттердин тизмесине өкмөттүн 2019-жылдагы буйругу менен 2 млрд 158 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, анын ичинен 207 объекттин курулушуна 1561,2 млн сом каралды, 102 капиталдык ондоп-түзөө объекттерине 236,8 млн сом, 73 ичүүчү суу менен камсыздоо объектисине 350 млн сом, социалдык объекттерди долборлоого 10 млн сом.

"Финансы министрлиги тарабынан 2019-жылга жалпысынан 2041,1 млн сомго каржылоо ачылды. Анын ичинен: курулуш объекттерге 1447,3 млн сом, капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарына 236,8 млн сом, таза суу объекттерине 350 млн сом, социалдык объекттерди долбоорлоого 7 млн сом. 2019-жылдын тизмесине 14 жаңы объект киргизилди. Алар - 5 билим берүү обьектиси, 2 бала бакча, 1 саламаттык сактоо обьектиси, 1 маданият тармагында обьект, 3 спорт тармагындагы обьект жана Турдакун Усубалиев атындагы аянт жана Райхан Алканов атындагы ипподром", - деп билдирди Бөрүбаев.

Ал белгилегендей, 2019-жылдын “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттердин тизмесине 1118,7 млн сомго 156 билим берүү объектиси киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий