• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда карантин чаралары киргизилбейт – Бейшеналиев

COVID - 19 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда карантин чаралары киргизилбейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, президент, премьер-министр жана өкмөт азырынча карантин киргизбей турууну чечишти. “Анткени, өткөн жылы биз карантин киргизгенбиз. Донорлордон ири суммада – 56 млн доллар каражат алганбыз, бул каражатты биз төлөбөсөк дагы биздин балдар төлөшү керек. Ушуну эске алып, биз карантин киргизбей турууну чечтик”,-деди ал.

Саламаттыкты сактоо министри жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөргөндөн кийин коронавирус кескин көбөйө баштаганын билдирди.

“Мурда Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустарында 50-60 учур катталып аткан болсо, ал эми айрым облустарда эки айлап жаңы учурлар катталбай келген, азыр абал начарлай жатат”,-деди ал.

Бейшеналиев эпидемиологиялык абалдын начарлашына элдердин бет кап тагынбай, социалдык аралыкты сактабай жана колдорун жуубай атышканы себеп болгонун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий