• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда карантин майдын ортосуна чейин узартылабы? Саламаттык сактоо министрлигинин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Чектөөлөрдү киргизүү оңой маселе эмес, ал үчүн бизге жүйөлүү себептер жана негиздер керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, карантиндин узартылышы эпидемиологиялык абалга жараша болот.

"Кандай болгон күндө да Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны жогорку көрсөткүчкө жеткенде гана бул боюнча айтса болот. Бирок азыр карантинди узартуу жөнүндө айтууга эрте", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 20-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 568 кишиге жетти. Алардын ичинен 140ы медицина кызматкери. Коронавирустан 201 жаран айыкса, каза болгондордун саны 7 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий