• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда Кавасаки синдрому катталган жок - Саламаттык сактоо министрлиги

Ден соолук 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда Кавасаки синдрому катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, бүгүн коронавирустун балдарга тийгизген таасиринин (Кавасаки синдрому түрүндө оорунун күч алышынын мүмкүндүгү боюнча) өзгөчөлүктөрү тууралуу колдонмону иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтун отуруму болгон. Эксперттук топко тажрыйбалуу адистер (педиатр, балдар гематологу, кардиолог, кардиолог-ревматолог, реаниматологдор) кирген.

Отурумда балдарда пайда болгон оорулардын алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо ыкмалары талкууланган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиевдин айтымында министрлик бул коркунучтуу илдеттин алдын алуу, аныктоо жана дарылоого даярдыктарды көрүүдө.

"Мурда COVID-19 кары адамдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн кооптуу деп ойлосок, учурда балдардын арасында ал ооруну оор көтөргөн учурлар бар деген маалыматтар чыгып жатат. Ошондуктан балдардагы коронавирусту дарылоо боюнча сунуштамалар иштелип чыгып, ал төртүнчү клиникалык протоколдо чагылдырылды. Ошондой эле Кавасаки синдромун COVID-19 менен айкалышкан учурун өзүнчө бөлүп кароо зарыл. Ага байланыштуу дарыгерлерге Кавасаки синдрому бар балдарды диагностикалоо жана дарылоого жардам бере турган документти иштеп чыгуусу үчүн эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда Кавасаки синдрому катталбаганын белгилеп кетүү керек", - деди ал.

Педиатр Венера Шүрүкованын айтымында, эксперттик топтун иши бир эле Кавасаки синдрому менен чектелбейт. Күз-кыш мезгилинде ар түрдүү сыркоолорго дайын болуу керек.

"Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй коронавирус жуктургандардын 10%ы балдар болууда. Аларын ичинен 2%ныкы коронавирус клиникалык түрдө тастыкталган. Коронавирус жуктурган ымыркайлардын 1%ы ооруну оор көтөрөт. Педиатрлар бардык кырдаалга даяр болушу зарыл. Төртүнчү протоколдо балдар тууралуу бөлүм бар. Иш ал бөлүмгө ылайык жүргүзүлөт", - деди ал.

Эксперттик топ билдиргендей, балдарды пландык эмдөө жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды эмизүү - коркунучтуу оорулардын алдын алуунун бир жолу.

Министрликтен билдиришкендей, учурда Республикалык иммундук профилактика борбору калк арасында пландык эмдөө жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий