• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда Кавасаки синдромунун белгилери байкалган учур катталган жок - Үсөнбаев

Ден соолук 0

Бишкек, 04.09.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Дарыгерлердин маалыматы боюнча Кыргызстанда Кавасаки синдромунун белгилери байкалган учур катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө атайын клиникалык колдонмолор иштелип чыгып, бул боюнча окутуулар өткөрүлдү.

"Кавасаки синдрому көзөмөлдө жана кооптонуунун кереги жок. Негизинен вируска кабылганда Кавасакиге окшогон синдромдор пайда болууда. Аталган синдром башка адамга жуга турган оору эмес, ал вируска каршы организмдин реакциясы. Кавасакиге 8-11 жаштагы балдар көбүрөөк кабылат", - дейт ал.

Үсөнбаев белгилегендей, Казакстанда 19-августка карата 14 баладан Кавасакинин белгилери аныкталган.

"Кавасаки синдрому 1967-жылдан бери белгилүү болгон. Көбүн эсе Чыгыш Азия өлкөлөрүндө тараган. Ал балдардын организмде болуп, бездери чочугандыктан териде сезгенүүнүн белгилери байкалат. Японияда 100 миң баланын ичинен 240, Кытайда 51, АКШда 20, Улуу Британияда 8 балада байкалган", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий