• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда Казань федералдык университетинин филиалы ачылат

Билим 0

Бишкек, 31.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда Казань федералдык университетинин филиалын ачуу маселеси боюнча акыркы чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Татарстандын Президенти Рустам Миннихановдун ушул жылдын февраль айында Москвада болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген эки тараптуу кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелерди бекемдөө боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Казанга болгон иш-сапары (ушул жылдын 29-30-апрели) учурунда Кыргызстанда Казань федералдык университетинин филиалын ачуу чечими кабыл алынган.

"Бүгүн 2021-жылдын 30-июлунда КФУнун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнүн жыйынында бул россиялык абройлуу университеттин Кыргызстанда филиалын түзүү чечимин бир добуштан жактырышты",-деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Казань федералдык университетинин Байкоочу кеңешинин отурумуна Татарстан Республикасынын президенти Р.Минниханов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Жеңишбек Асанкулов башында турган КР делегациясы катышты.

Өз сөзүндө Р.Минниханов Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык, илимий жана социалдык чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстанда Казань федералдык университетинин филиалын түзүү Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө болорун айтты.

Буга байланыштуу ЖОЖдун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнө аталган билим берүү долбоорун колдоп берүү өтүнүчү менен кайрылды.

Маалымат үчүн: Казань федералдык университети Россиянын алдыңкы жана эң байыркы университеттеринин бири (1804 -жылы негизделген), ошондой эле жогорку илимий -техникалык базага ээ. Чет өлкөлүк студенттердин саны боюнча КФУ россиялык ЖОЖдордун арасында экинчи орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий