• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда кесиптик орто окуу жайларга кабыл алуу башталды

Билим 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына кесиптик орто окуу жайларына (мындан ары – коож) абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын графиги боюнча буйругу бекиди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, документтерди онлайн каттоонун биринчи туру 2022-жылдын 12-июлунан 18-июлуна чейин жүрөт.

Кирүү сынактары 19-20-июлда төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

- баллдары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
- медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 22-июлда белгилүү болот. Сунушталган абитуриенттер 23-июлдан 26-июлга чейин коождо окуй тургандыгын тастыктоого тийиш.

II тур

Документтерди онлайн каттоонун экинчи туру 2022-жылдын 27-июлунан 3-августка чейин уланат.

Кирүү сынактары 4-5-август күндөрү төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

- баллдары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
- медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 8-августта белгилүү болот. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 9-августтан 11-августка чейин коождо окуй тургандыгын тастыктоосу керек.

III тур

Документтерди онлайн каттоонун үчүнчү туру 2022-жылдын 12-августунан 19-августка чейин жүрөт.

Кирүү сынактары 20-22-августта төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

- баллдары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
- медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 24-августта белгилүү болот. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 25-августтан 27-августка чейин коождо окуй тургандыгын тастыктоосу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий