• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда "Халал" сертификатын берүү жол-жоболорунда ХАССП талаптары сактылышы керек

Коом 0

Бишкек, 17.01.19 /Кабар/. Кыргызстандын аймагында "Халал" сертификатын берүү жол-жоболорунда ХАССП талаптары сактылышы керек. Бул тууралуу Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы, депутат Айтмамат Назаров "Парламент" радиосунун түз эфиринде билдирди.

"Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" мыйзамынын долбоору 2017-жылдын 23-октябрында эле Жогорку Кеңешке келип түшкөн. Ага тиешелүү өзгөртүүлөр камтылыш керек эле. Бирок, алар толук эске алынбай калгандыктан, долбоорду Социалдык маселелер боюнча комитет колдогон эмес. Кийин бул маселе Агрардык саясат боюнча комитетинде да талданып, эки айдын аралыгында толуктай турган ченемдер иштелип чыксын деген тапшырма берилди", – деди депутат.

Мыйзам долбоорунда тамак-аш продуктусунун талаадан столго чейинки кыймылынын ачык-айкын схемасы бекитилет. Ушул максатта "тамак-аш продукциясын өндүрүү чынжыры" деген термин киргизилүүдө. Ал байкоого алуу этаптарын аныктайт, – дейт Назаров.

Халал сертификатын берүүдө да ХАССП талаптары сактылышы керек. Бул багытта мыйзамдык талаада иш жүргүзүү зарылчылыгы бар, – деген Назаров, – "Бул азык – түлүк коопсуздугуна берилген кепилдиктин бир түрү болмок", – дейт ал.

Ошондой эле студиянын мейманы белгилегендей, учурда ветеринардык 19 лаборатория иштесе, фитосанитардык багытты 4 лаборатория тескеп турат. Эми комплекстүү лаборатория куруу аракеттери көрүлүүдө. Анын чыгарган изилдөө жыйынтыктарын Бажы союзундагы мамлекеттер тааныйт, – дейт Назаров.

Пикир

Оставить комментарий