• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда “Хизб ут-Тахрир” уюмунун 11 мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. ИИМ кызматкерлери менен УКМКнын биргелешкен иш-аракеттеринин жүрүшүндө “Хизб ут-Тахрир” уюмунун активдүү 11 мүчөсү кармалды.

ИИМ басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кармалгандар Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жашап жүрүшкөн. Үйлөрдү текшерүү учурунда экстремисттик маанайдагы адабияттар табылган.

“Андан сырткары, “Хизбут-Тахрир” уюмунун лидерлеринин бири 1982-жылы туулган Ош облусунун тургуну К.Н., кармалган. Ал Чүй облусунун Москва районудагы Беловодск айылында жашап жүргөн”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

ИИМ укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте мыйзам бузууларды аныктоо максатында ыкчам иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий