• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда кийимдери суунун жээгинен табылган 3 адам изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда кийимдери суунун жээгинен табылган 3 адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Атап айтканда, 28-июнда Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында 1995-жылы туулган А.уулу Б. аттуу эркек киши дайынсыз болуп, кийин милиция кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүп, анын кийимин жана унаасын Ак-Буура-Араван каналынын жээгинен табышкан. 30-июнда 18 куткаруучу, 5 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 10 адам издөө иштерин жүргүзүп, бирок натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 1-июлда издөө улантылат.

29-июнда Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсүндө Чоң Чүй каналына 1963-жылы туулган Ш.Р. аттуу эркек киши түшүп кеткен. 30-июнда жерине 8 куткаруучу тартылып, издөө иштеринен натыйжа болгон эмес. 1-июлда улантылат.

29-июнь күнү Нарын шаарынын тургуну 1942-жылы туулган Т.Ж. аттуу эркек киши үйдөн чыккан бойдон кайра келген эмес. Анын кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган. 30-июнда 26 куткаруучу, 15 милиция кызматкери тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн, натыйжа болгон эмес. 1-июль күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий