• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда кимдер ММК полисин милдеттүү түрдө сатып алууга тийиш?

Коом 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Мирланбек Шабданов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында кимдер медициналык камсыздандыруу полисин кимдер милдеттүү түрдө алышы керек экендиги тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, жарандардын төмөнку категориясы ММК полисин милдеттүү түрдө сатып алууга тийиш:

- 18 жаштан жогору иштебеген жарандар (иш менен камсыз кылуу кызматында катталбаган жумушсуздар, үй кожойкелери);

- күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан (дистанттык) окуу формаларынын, ошондой эле 21 жаштан жогорку күндүзгү окуу формаларынын студенттери;

- аларга карата милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр келип түшпөгөн жеке уюмдарда, ишканаларда, базарларда иштегендер (тигүүчүлөр, куруучулар, такси/ маршруткалардын айдоочулары, базарлардын соодагерлери ж. б.)

- Кыргызстандын аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле республиканын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүк жактар.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 22-февралында Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамы үчүнчү окууда кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий